Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ойлогон ою, тилеги ордунан чыкпай калуу, максаты ишке ашпоо. Кылмышкерлердин жазасын беребиз деген үмүтү таш капты. Алардын үмүтү таш каппай, ойлогондорундай болуп чыкты (Кыдырмышев). В.: Үмүтү ташка тийүү. Эми инимди мандикерден бошотуп келем го деп барган Каримдин үмүтү ташка тийди (Жантөшев). Үмүтү ташка чабылуу. Сабылса да ийикпесин, үмүтү ташка чабылып майтарыларын туюп турду Курманжан аяр (Касымбеков).